Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-июну № 308-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-августундагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык)
Өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү максатында:
1. Кыргыз-Казак инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 11-июлунда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
1.1. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-августундагы № 419-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 520-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |