Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-июлу № 315-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 534-б буйругунун редакциясына ылайык)
Түркия Республикасынын кредитин коомдук инфраструктураны жакшыртууга, экономикалык активдүүлүккө жана иш менен камсыздыкка өбөлгө болууга багытталган долбоорлор үчүн натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Түркия Республикасынын кредити боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
- Түркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Түркия Республикасынын кредити боюнча иш-чаралар планын координациялоо жана аткаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Комиссия:
- түркия тарап менен долбоорлорду каржылоого арыздардын форматын, долбоорлорду ишке ашыруунун тартибин иштеп чыксын жана кредит боюнча ишке ашырылчу долбоорлордун тизмесин макулдашсын;
- Иш-чаралар планын аткарууну жана долбоорлорду ишке ашырууну контролдоону камсыз кылсын;
- Түркия Республикасынын кредитинин каражаттарынан каржылоо үчүн тандалып, бекитилген долбоорлор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Комиссиянын секретариаты жана Түркия Республикасынын кредити боюнча тендерлерди өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
┌───┬───────────────────────────────┬───────────┬─────────────────────┐
│ № │ Иш-чаралар │ Аткаруу │ Жооптуу │
│ │ │ мөөнөтү │ аткаруучулар │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│ │ (1) │ (2) │ (3) │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│1) │Түркия Республикасынын │3-июль │КР ӨА тиешелүү │
│ │кредитинин эсебинен │2012-жыл │бөлүмдөрү │
│ │каржыланууга тийиш болгон, │ │ │
│ │төмөнкү чөйрөлөрдөгү │ │ │
│ │долбоорлордун тизмесин бекитүү:│ │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│ │- Мектептер │3-июль │КР ӨА тиешелүү │
│ │ │2012-жыл │бөлүмдөрү, │
│ │ │ │Билиммин, Финмин, │
│ │ │ │Курулуш агенттиги │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│ │- Ирригация │3-июль │КР ӨА тиешелүү │
│ │ │2012-жыл │бөлүмдөрү, АЧМ, │
│ │ │ │Финмин │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│ │- Автомобиль жолдору, транспорт│3-июль │КР ӨА тиешелүү │
│ │инфраструктурасы, атайын │2012-жыл │бөлүмдөрү, │
│ │техника │ │ТКМ, Финмин, Бишкек │
│ │ │ │шаарынын мэриясы │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│2) │Бекитилген тизмеге ылайык │6-июль │КР ӨА тиешелүү │
│ │долбоорлорду ишке ашыруунун │2012-жыл │бөлүмдөрү, тармактык │
│ │план-графиктерин Түркия │ │министрликтер │
│ │Республикасынын кредити боюнча │ │ │
│ │иш-чаралардын планын аткаруу │ │ │
│ │жана координациялоо боюнча │ │ │
│ │комиссия (мындан ары - │ │ │
│ │Комиссия) тарабынан бекитүү │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│3) │Долбоордук арыздарды берүүнүн │6-июль │Финмин, ТИМ, │
│ │форматтарын түркия тарап менен │2012-жыл │Экономмин, УСИИ │
│ │макулдашуу │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│4) │Кредиттик макулдашууга │Кредиттик │ЮМ (Мыйзамга Кыргыз │
│ │корутундуну даярдоо │макулдашуу-│Республикасынын │
│ │ │ну │Президенти кол │
│ │ │ратифика- │койгондон кийин) │
│ │ │циялоо │ │
│ │ │жөнүндө │ │
│ │ │Кыргыз │ │
│ │ │Республика-│ │
│ │ │сынын │ │
│ │ │Мыйзамына │ │
│ │ │кол │ │
│ │ │коюлгандан │ │
│ │ │кийин │ │
│ │ │1 күндүк │ │
│ │ │мөөнөттө │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│5) │Кредиттик макулдашууну күчүнө │ЮМ │ТИМ, Финмин │
│ │киргизүү боюнча ички │корутундусу│ │
│ │мамлекеттик жол-жоболордун │алынгандан │ │
│ │аткарылгандыгы жөнүндө түркия │кийин │ │
│ │тарапка билдирүүнү жиберүү │1 күндүк │ │
│ │ │мөөнөттө │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│6) │Тандалган долбоорлорду түркия │9-16-июль │Финмин, ТИМ, │
│ │тарап менен макулдашуу │2012-жыл │Экономмин, УСИИ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│7) │Артыкчылыктуу секторлорду жана │9-июль │Комиссия, Экономмин, │
│ │жаңы (экономикалык натыйжалуу) │2012-жыл │УСИИ │
│ │долбоорлорго талаптарды бекитүү│ │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│8) │Жаңы (экономикалык натыйжалуу) │16-июль │Комиссия │
│ │долбоорлорду, аларды ишке │2012-жыл │ │
│ │ашыруунун графиктерин иштеп │ │ │
│ │чыгуу жана Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнө │ │ │
│ │бекитүүгө киргизүү │ │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│ │- Региондук долбоорлор │16-июль │Экономмин, Финмин, │
│ │ │2012-жыл │УСИИ, АЧМ, │
│ │ │ │Курулуш агенттиги │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│ │- Жогорку технологиялык │16-июль │Экономмин, Финмин, │
│ │долбоорлор │2012-жыл │УСИИ, │
│ │ │ │Курулуш агенттиги │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│9) │Тендерлерди жүргүзүү │16-июлдан │Комиссия, тармактык │
│ │ │баштап │министрликтер │
│ │ │10-августка│ │
│ │ │чейин │ │
│ │ │2012-жыл │ │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│10)│Түркия тарапка долбоорлорду │6-10-август│Финмин, ТИМ, │
│ │каржылоо үчүн арыздарды жиберүү│2012-жыл │тармактык │
│ │ │ │министрликтер │
├───┼───────────────────────────────┼───────────┼─────────────────────┤
│11)│Контракттарды түзүү жана │10-15- │Тармактык │
│ │долбоорлорду ишке ашырууну │август │министрликтер, │
│ │баштоо │2012-жыл │Бишкек шаарынын │
│ │ │ │мэриясы │
└───┴───────────────────────────────┴───────────┴─────────────────────┘
Эскертүү:
1. Түркия Республикасы берген финансылык жардамдын жалпы суммасы 106 млн. АКШ долларын түзөт, анын 100 млн. АКШ доллары 20 жылдык мөөнөттөгү, проценттик ставкасы 0,1%, жеңилдетилген мөөнөтү 7 жыл болгон кредит жана 6 млн. АКШ доллары грант болуп эсептелет.
2. Гранттын суммасы 6 млн. АКШ доллары. Анын 3 млн. АКШ доллары Кыргыз Республикасынын ЭШУнун Сооданы Өнүктүрүү Банкындагы мүчөлүгү үчүн уставдык капиталды төлөөгө жана 3 млн. АКШ доллары Түрк тилдүү мамлекеттердин 2-саммитине даярдык көрүүгө жумшалат.
3. Түркия Республикасынын 100 млн. АКШ доллары суммасындагы кредитинин каражаттарын төмөнкүдөй бөлүштүрүү болжолдонууда:
┌──┬──────────────────────┬───────────────────────────────────────────┐
│№ │ Суммасы │ Иштин түрү │
├──┼──────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│1 │68,8 млн. АКШ доллары │Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул │
│ │ │буйругунун 3-тиркемесине ылайык коомдук │
│ │ │инфраструктура (мектептер, ирригация, │
│ │ │транспорт инфраструктурасынын объекттерин │
│ │ │куруу) долбоорлорун ишке ашыруу │
├──┼──────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│2 │31,2 млн. AKШ доллары │Региондук долбоорлорду (иш менен камсыз │
│ │ │кылуу жана жергиликтүү сырьену керектөө │
│ │ │боюнча), жогорку натыйжалуу (жогорку │
│ │ │технологиялык ишканаларды калыбына │
│ │ │келтирүүгө/түзүүгө багытталган) │
│ │ │долбоорлорду тандоонун критерийлерин иштеп │
│ │ │чыгуу боюнча кошумча иштер аткарылат, андан│
│ │ │кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │
│ │ │бекитүүсүнө киргизилет │
├──┼──────────────────────┼───────────────────────────────────────────┤
│ │100 млн. АКШ доллары │ │
└──┴──────────────────────┴───────────────────────────────────────────┘
2-тиркеме
┌────────────────────────────┬──────────┬─────────────────────────────┐
│ Аталышы │ Талап │ Эскертүү │
│ │ кылынган │ │
│ │ сумма, │ │
│ │ млн. АКШ │ │
│ │ доллары │ │
├────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────────────┤
│Мектептерди куруу │ 17,0 │Табигый кырсыктардын │
│ │ │кесепетинен жабыр тарткан, │
│ │ │окуучулар чатырларда окуп │
│ │ │жаткан калктуу конуштардагы │
│ │ │мектептердин имараттары, │
│ │ │ошондой эле авариялуу │
│ │ │абалдагы мектептер │
├────────────────────────────┴──────────┴─────────────────────────────┤
│Ирригация: │
├────────────────────────────┬──────────┬─────────────────────────────┤
│Ирригациялык курулмаларды │ 7,2 │Бүргөндү массивинин жерлерин │
│курууну аяктоо (Баткен │ │өздөштүрүү - 3498 га жаңы │
│облусунун Кадамжай районунун│ │сугат жери, 10 миң жумуш │
│Бүргөндү массиви) │ │оруну │
├────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────────────┤
│Бишкек шаары │ 35 │ │
├────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────────────┤
│Бишкек шаарында "Ак-Ордо" │ 5 │ │
│турак-жай массивинде │ │ │
│подстанция куруу │ │ │
├────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────────────┤
│Бишкек шаарынын жолдорун │ 30 │ │
│куруу жана реконструкциялоо │ │ │
├────────────────────────────┴──────────┴─────────────────────────────┤
│Автомобиль жолдорунун техникасын жана жабдууларын сатып алуу, жол │
│инфраструктурасын куруу: │
├────────────────────────────┬──────────┬─────────────────────────────┤
│Автомобиль жолдорунун │ 9,6 │43 автогрейдер, │
│техникасы, асфальт-бетон │ │20 автожүктөөчү, 3 АБЗ, │
│заводу (АБЗ), транспорт │ │транспорт инфраструктурасынын│
│инфраструктурасы │ │3 объекти │
├────────────────────────────┼──────────┼─────────────────────────────┤
│Жыйынтыгы: │ 68,8 │ │
└────────────────────────────┴──────────┴─────────────────────────────┘
3-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 534-б буйругунун редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын экономика министри;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри (билим берүү объекттери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри (ирригация объекттери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри (жол инфраструктурасынын жана техникасынын объекттери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри (энергетика объектилери боюнча);
- Бишкек шаарынын мэри (Бишкек шаарынын объекттери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-июлу № 315-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 534-б, 2013-жылдын 15-январы № 5-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Түркия Республикасынын кредитин коомдук инфраструктураны жакшыртууга, экономикалык активдүүлүккө жана иш менен камсыздыкка өбөлгө болууга багытталган долбоорлор үчүн натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Түркия Республикасынын кредити боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;
- Түркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Түркия Республикасынын кредити боюнча иш-чаралар планын координациялоо жана аткаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Комиссия:
- түркия тарап менен долбоорлорду каржылоого арыздардын форматын, долбоорлорду ишке ашыруунун тартибин иштеп чыксын жана кредит боюнча ишке ашырылчу долбоорлордун тизмесин макулдашсын;
- Иш-чаралар планын аткарууну жана долбоорлорду ишке ашырууну контролдоону камсыз кылсын;
- Түркия Республикасынын кредитинин каражаттарынан каржылоо үчүн тандалып, бекитилген долбоорлор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Комиссиянын секретариаты жана Түркия Республикасынын кредити боюнча тендерлерди өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
| (1) | (2) | (3) |
1) | Түркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржыланууга тийиш болгон, төмөнкү чөйрөлөрдөгү долбоорлордун тизмесин бекитүү: | 3-июль 2012-жыл | КР ӨА тиешелүү бөлүмдөрү |
| - Мектептер | 3-июль 2012-жыл | КР ӨА тиешелүү бөлүмдөрү, Билиммин, Финмин, Курулуш агенттиги |
| - Ирригация | 3-июль 2012-жыл | КР ӨА тиешелүү бөлүмдөрү, АЧМ, Финмин |
| - Автомобиль жолдору, транспорт инфраструктурасы, атайын техника | 3-июль 2012-жыл | КР ӨА тиешелүү бөлүмдөрү, ТКМ, Финмин, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) |
2) | Бекитилген тизмеге ылайык долбоорлорду ишке ашыруунун план-графиктерин Түркия Республикасынын кредити боюнча иш-чаралардын планын аткаруу жана координациялоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан бекитүү | 6-июль 2012-жыл | КР ӨА тиешелүү бөлүмдөрү, тармактык министрликтер |
3) | Долбоордук арыздарды берүүнүн форматтарын түркия тарап менен макулдашуу | 6-июль 2012-жыл | Финмин, ТИМ, Экономмин, УСИИ |
4) | Кредиттик макулдашууга корутундуну даярдоо | Кредиттик макулдашуу- ну ратифика- циялоо жөнүндө Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына кол коюлгандан кийин 1 күндүк мөөнөттө | ЮМ (Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгондон кийин) |
5) | Кредиттик макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарапка билдирүүнү жиберүү | ЮМ корутундусу алынгандан кийин 1 күндүк мөөнөттө | ТИМ, Финмин |
6) | Тандалган долбоорлорду түркия тарап менен макулдашуу | 9-16-июль 2012-жыл | Финмин, ТИМ, Экономмин, УСИИ |
7) | Артыкчылыктуу секторлорду жана жаңы (экономикалык натыйжалуу) долбоорлорго талаптарды бекитүү | 9-июль 2012-жыл | Комиссия, Экономмин, УСИИ |
8) | Жаңы (экономикалык натыйжалуу) долбоорлорду, аларды ишке ашыруунун графиктерин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү | 16-июль 2012-жыл | Комиссия |
| - Региондук долбоорлор | 16-июль 2012-жыл | Экономмин, Финмин, УСИИ, АЧМ, Курулуш агенттиги |
| - Жогорку технологиялык долбоорлор | 16-июль 2012-жыл | Экономмин, Финмин, УСИИ, Курулуш агенттиги |
9) | Тендерлерди жүргүзүү | 16-июлдан баштап 10-августка чейин 2012-жыл | Комиссия, тармактык министрликтер |
10) | Түркия тарапка долбоорлорду каржылоо үчүн арыздарды жиберүү | 6-10-август 2012-жыл | Финмин, ТИМ, тармактык министрликтер |
11) | Контракттарды түзүү жана долбоорлорду ишке ашырууну баштоо | 10-15- август 2012-жыл | Тармактык министрликтер, Бишкек шаарынын мэриясы |
Эскертүү:
1. Түркия Республикасы берген финансылык жардамдын жалпы суммасы 106 млн. АКШ долларын түзөт, анын 100 млн. АКШ доллары 20 жылдык мөөнөттөгү, проценттик ставкасы 0,1%, жеңилдетилген мөөнөтү 7 жыл болгон кредит жана 6 млн. АКШ доллары грант болуп эсептелет.
2. Гранттын суммасы 6 млн. АКШ доллары. Анын 3 млн. АКШ доллары Кыргыз Республикасынын ЭШУнун Сооданы Өнүктүрүү Банкындагы мүчөлүгү үчүн уставдык капиталды төлөөгө жана 3 млн. АКШ доллары Түрк тилдүү мамлекеттердин 2-саммитине даярдык көрүүгө жумшалат.
3. Түркия Республикасынын 100 млн. АКШ доллары суммасындагы кредитинин каражаттарын төмөнкүдөй бөлүштүрүү болжолдонууда:
№ | Суммасы | Иштин түрү |
1 | 68,8 млн. АКШ доллары | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунун 3-тиркемесине ылайык коомдук инфраструктура (мектептер, ирригация, транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу) долбоорлорун ишке ашыруу |
2 | 31,2 млн. AKШ доллары | Региондук долбоорлорду (иш менен камсыз кылуу жана жергиликтүү сырьену керектөө боюнча), жогорку натыйжалуу (жогорку технологиялык ишканаларды калыбына келтирүүгө/түзүүгө багытталган) долбоорлорду тандоонун критерийлерин иштеп чыгуу боюнча кошумча иштер аткарылат, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизилет |
| 100 млн. АКШ доллары |
|
2-тиркеме
Аталышы | Талап кылынган сумма, млн. АКШ доллары | Эскертүү |
Мектептерди куруу | 17,0 | Табигый кырсыктардын кесепетинен жабыр тарткан, окуучулар чатырларда окуп жаткан калктуу конуштардагы мектептердин имараттары, ошондой эле авариялуу абалдагы мектептер |
Ирригация: | ||
Ирригациялык курулмаларды курууну аяктоо (Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү массиви) | 7,2 | Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү - 3498 га жаңы сугат жери, 10 миң жумуш оруну |
Бишкек шаары | 35 |
|
Бишкек шаарында «Ак-Ордо» турак-жай массивинде подстанция куруу | 5 |
|
Бишкек шаарынын жолдорун куруу жана реконструкциялоо | 30 |
|
Автомобиль жолдорунун техникасын жана жабдууларын сатып алуу: | ||
Автожол техникасы, асфальт-бетон заводу (АБЗ) | 9,6 | 43 автогрейдер, 20 автожүктөөчү, 3 АБЗ, 7 бульдозер |
Жыйынтыгы: | 68,8 |