Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-июлу № 321-б
Кыргызстандын энергетикалык тармагында башкаруу практикасына диагностикалык талдоо жүргүзүү боюнча маалыматты жана донордук коомчулук берген рекомендацияларды иликтөө, ошондой эле аны андан ары колдонуунун планын иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда Кыргызстандын энергетикалык тармагында башкаруу практикасына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча донордук коомчулуктун рекомендацияларын иликтөө үчүн эксперттик топ түзүлсүн:
Калмамбетов А.И. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, эксперттик топтун жетекчиси; |
Султанкулова А.У. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин директору; |
Дубанаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Муканбетов А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун стратегиялык объекттер башкармалыгынын начальниги; |
Орозбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин донорлук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Сахваева Е.П. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн начальниги; |
Алдаяров М.Н. | - | Дүйнөлүк банктын адиси (макулдашуу боюнча); |
Печенюк О.В. | - | "Көз карандысыз экологиялык экспертиза" ӨЭУнун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Горовенко О.А. | - | KFW Германия өнүктүрүү банкынын портфель боюнча улук кызматкери (макулдашуу боюнча); |
Терентьева О.В. | - | Кыргыз Республикасы боюнча энергетикалык коопсуздук, натыйжалуулук жана рынокту өнүктүрүү боюнча региондук долбоордун директору (макулдашуу боюнча); |
Ешеналиев М.И. | - | Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн долбоорлорду ишке ашыруу боюнча улук адиси (макулдашуу боюнча). |
2. Эксперттик топ 2012-жылдын 20-июлуна чейинки мөөнөттө:
- донордук коомчулуктун рекомендацияларын иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин;
- донордук коомчулуктун рекомендацияларын кароону эске алуу менен энергетикалык секторду реформалоо боюнча иш-аракеттердин планын даярдасын;
- иштин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин расмий сайтында жайгаштырсын.
3. Белгиленген тартипте эксперттик топко төмөнкү укуктар берилсин:
- мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
- материалдарды сурап алууга жана жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан жардам алууга.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |