Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-июлу № 322-б
Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорт менен камсыздоо боюнча калкты тейлөө борборлорун уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен процентсиз бюджеттик ссудаларды төмөнкүлөргө берсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына - 50000000 (элүү миллион) сом өлчөмүндө;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына (мындан ары "Кыргыз почтасы" МИ) - 50000000 (элүү миллион) сом өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Кыргыз почтасы" МИ менен процентсиз бюджеттик ссудаларды кайтарып берүү шарттары боюнча карыздык милдеттенмелерди белгиленген тартипте 3 жылга жеңилдик берүү менен карыздык милдеттенмелерди түзүү датасынан тартып 10 жылдык мөөнөткө түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана "Кыргыз почтасы" МИ:
- ушул буйруктун 1-пунктунда баяндалган шарттарда карыздык милдеттенмелерге кол коюшсун;
- бюджеттик ссудаларды өз убагында кайтарып берүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорт менен камсыздоо боюнча 50 калкты тейлөө борборлорун уюштурууга алынган процентсиз бюджеттик ссудаларды жумшасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |