Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-июну № 266-б
1. "Финансылык секторду өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР № 50670KG кредити, МАР № Н7600-KG гранты) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Каржылоо жөнүндө макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |