Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-июну № 267-б
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын материалдык-техникалык жабдууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2012-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча пайдаланылбаган милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен жалпы 10,0 (он) миллион сом суммасына 2 (эки) флюорографиялык аппарат сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2 флюорографиялык аппарат сатып алсын;
- сатылып алынган 2 флюорографиялык аппаратты Чүй облусунун Панфилов районунун жалпы дарыгердик практика борборуна жана Кемин районунун үй-бүлөлүк медицина борборуна кайтарымсыз негизде, каржылоонун көлөмүнөн тышкары өткөрүп берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |