Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-июлу № 270-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 161-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин командачысына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорунда:
2-берененин экинчи абзацындагы "2009" цифралары "201_" цифраларына алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |