Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-февралы № 61-б
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча Илья Левитистин эл аралык доосун кайта алууну даярдоодо "Winston & Strawn LLP" компаниясына жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине чыгымдар боюнча бардык ырастоочу документтерди берүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Инспекциялоо башкармалыгынын өзүнчө операцияларды экспертизалоо бөлүмүнүн аналитикалык тобунун башкы инспектору Бейшеев Эрмек Законовичти Лондон (Улуу Британия) шаарына иш сапарга жиберүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жогоруда аталган кызматкеринин иш сапарынын чыгымдарын каржыласын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |