КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-марты № 75-б
Германия Федеративдүү Республикасынын Бонн шаарында 2013-жылдын 12-13-мартында болуучу Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташтык маселелери боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, делегациянын жетекчиси; |
Кадыров Бахтияр Сабиржанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Отунбаев Болот Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Досалиев Нурлан Турсуниязович | - | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин статс-катчысы; |
Сүйүмбаева Паиза Үсөнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Чокоев Заир Ленарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору; |
Токтоматов Нурмамбет Талгатович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар башкармалыгынын начальниги; |
Исмаилов Кубанычбек Искакович | - | Кыргыз Республикасынын коомдоштукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Муктаров Арстан Кеңешович | - | Кыргыз Республикасынын коомдоштукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин "Коммуналдык инфраструктура карыздарын конверсиялоо" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча). |
2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Германия Федеративдүү Республикасына делегациянын барышы боюнча чыгымдарды жана транспорттук чыгымдарды каржылоо жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |