Редакцияот 06.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 6-марты № 78-б

"Кинг Эйр 350" аба кемесин (каттоо № ЕХ 00003) талаптагыдай жана натыйжалуу пайдаланууну, учууга жарактуу абалда кармоону жана күтүүнү камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Кинг Эйр 350" аба кемесин, ошондой эле ага запастык бөлүктөрдү, аспаптарды жана алардын чыгымдоо материалдарын "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКы) менчигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКынын уставдык капиталына кошкон салымы катары белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКынын уставдык капиталын "Кинг Эйр 350" аба кемесинин калдык наркынын суммасына жөнөкөй акциялардын кошумча эмиссиясын чыгаруу жолу менен көбөйтүү жөнүндө маселени акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда карасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев