Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-марты № 83-б
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 40-беренелерине ылайык, 2014-2016-жылдарга карата бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2014-2016-жылдарга республикалык бюджетинин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2013-жылдын 14-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2014-2016-жылдарга карата орто мөөнөттүү болжолунун фискалдык саясаттын максаттары жана салыктык түшүүлөрдүн ИДПга карата жалпы деңгээлинин болжолу караштырылган долбоорун бюджеттин кирешесин эсептөө үчүн берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2013-жылдын 14-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик үлүшүнөн дивиденддердин түшүүсүнөн алынчу кирешенин, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшүүчү каражаттардын жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынын болжолун чарбакер субъекттер боюнча, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысынан түшүүлөрдүн 2014-2016-жылдарга карата болжолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салыктардын жана салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүсүнүн 2014-2016-жылдарга карата негизделген болжолун 2013-жылдын 14-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылануучу башка бюджеттик уюмдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү беришсин:
- 2013-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө - министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун кирешелери жана сарптоолору боюнча 2014-2016-жылдарга карата контролдук цифраларды эсептөө үчүн атайын каражаттар боюнча болжолду, тийиштүү эсептөөлөрү жана негиздемелери менен;
- 2013-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
бюджеттик каражаттардын сарпталышынын жыйынтык сметасынын жана атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана сарптоолордун 2014-2016-жылдарга карата сметаларынын мамлекеттик тармактык өнүктүрүү программаларына негизделген долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин рекомендацияларына жана смета формаларына ылайык программалык негиздеги зарыл эсептөөлөрү жана негиздемелери менен. Мында контролдук цифралар милдеттүү сакталышы камсыздалсын;
2014-2016-жылдарга карата бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана контингенттери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү;
2014-2016-жылдарга карата программалык форматтагы бюджеттик документтерди;
программалардын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттарды потенциалдуу үнөмдөөнүн варианттарын;
2014-2016-жылдарга бюджеттин долбооруна киргизилбеген артыкчылыктуу сарптоолорду.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат саясаты жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тийиштүү багыттар боюнча 2014-2016-жылдарга карата орто мөөнөттүү стратегияны программалык негиздеги зарыл эсептөөлөрү жана негиздемелери менен 2013-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2013-жылдын 5-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү беришсин:
- тийиштүү багыттар боюнча 2014-2016-жылдарга карата орто мөөнөттүү стратегияны, программалык негиздеги зарыл эсептөөлөрү жана негиздемелери менен;
- түшүүлөрдүн жана сарптоолордун 2014-2016-жылдарга карата болжолун.
7. Айыл өкмөттөрдүн башчыларына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук аймактык бөлүктөрүнө төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын:
- 2013-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө - жергиликтүү бюджеттердин 2014-2016-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун;
- 2013-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө - жергиликтүү бюджеттердин 2014-2016-жылдарга карата сарптоо бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун.
8. Республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын:
- 2013-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө - жергиликтүү бюджеттердин 2014-2016-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун;
- 2013-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө - жергиликтүү бюджеттердин 2014-2016-жылдарга карата сарптоо бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2014-2016-жылдарга карата бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун 2013-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин. Анын негизинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун сарптоолору боюнча 2014-2016-жылдарга карата жалпы контролдук цифраларды даярдасын;
- 2014-2016-жылдарга карата бюджеттин долбоорун түзүү боюнча нускама материалдарды 2013-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча баалардын иштелип чыккан болжолдуу индекстерин жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2014-2016-жылдарга карата башка негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, ошондой эле 2014-2016-жылдарга карата сарптоолор боюнча контролдук цифраларды 2013-жылдын 31-майына чейинки мөөнөттө даярдасын жана министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик мекемелерине билдирсин;
- 2013-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын 2014-2016-жылдарга республикалык бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды жүргүзсүн;
Кыргыз Республикасынын 2014-2016-жылдарга республикалык бюджетинин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого берсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |