Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-марты № 84-б
Республиканын калкына шашылыш (кечиктирилгис) медициналык жардам көрсөтүүчү жана Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана ишин оптималдаштыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- өткөн жылдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун карызын жоюу эсебине түшкөн 84,0 (сексен төрт) миллион сом суммасындагы каражатты медициналык тез жардам автомашиналарын жана аларды жабдуу үчүн медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшасын;
- Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык тендер өткөрүү жолу менен сатып алуу жол-жоболорун жүргүзсүн;
- медициналык жабдуулар менен жабдылган, сатылып алынган медициналык тез жардам автомашиналарды Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына акысыз негизде берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте:
- медициналык тез жардам автомашиналарына техникалык өзгөчөлүктөрдү жана аларды жабдуу үчүн медициналык жабдыктарды иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык бул сатып алууга бөлүнүүчү каражаттардын чегинде сатылып алынуучу медициналык тез жардам автомашиналарынын жана аларды жабдуу үчүн медициналык жабдыктардын санын аныктасын;
- сатылып алынган медициналык жабдуулар менен жабдылган медициналык тез жардам автомашиналарын бөлүштүрүүнүн планын бекитсин;
- ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн бөлүштүрүү планына ылайык Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына медициналык тез жардам автомашиналарын бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-мартындагы № 104-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 305-б буйругу.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-августундагы № 315-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ