Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-марты № 85-б
КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 14-16-мартында болуучу "Учурдун талаптары жана Шериктештиктин аймагына интеграциялоонун өнүгүү келечектери" деп аталгам КМШга катышуучу мамлекеттердин мамлекеттер аралык экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, делегациянын башчысы; |
Ибраимова Чолпон Ибраимовна | - | КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Усупов Үсөн Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү; |
Каденова Зууракан Ажимаматовна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Исабаева Зина Беккелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; |
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Мүлкүбатова Чолпон Токтобаевна | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин биринчи катчысы; |
Турсункулов Кайрат Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси. |
2. Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Панкратов Олег Михайловичке КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жогоруда аталган жыйындарынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Иш-сапарлык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш-сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |