Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-марты № 95-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2123-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомун аткаруу жана мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын оперативдүү башкаруусуна жергиликтүү мамлекеттик органдарды кызматтык жайлар менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик менчиктин төмөнкү обьекттерин өткөрүп берсин:
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын "Таш-Башат" жер тилкесинде тургузулган курулуштарды (резиденцияларды) (ИК 3-05-12-0012-0006-01; ИК 3-05-12-0012-0006-02; ИК 3-05-12-0012-0006-03; ИК 3-05-12-0012-0006-04; ИК 3-05-12-0012-0006-05; ИК 3-05-12-0012-0006-06; ИК 3-05-12-0012-0006-07; ИК 3-05-12-0012-0006-08; ИК 3-05-12-0012-0006-09; ИК 3-05-12-0012-0006-10; ИК 3-05-12-0012-0006-11);
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма токой чарбасынын аянты 170,3 чарчы метр "Сары-Булак" жер тилкесин жана анда тургузулган курулуштарды (ИК 3-05-03-0012-0031-12);
Жалал-Абад шаарындагы "Плодопитомник" участкасынын 2-контурундагы аянты 0,30 га ("Тайгараев" совхозунун 1992-жылдагы № 456 инвентаризациялык материалына жана Жалал-Абад жер экспедициясынын картографиялык материалдарына ылайык) жер тилкесинде жайгашкан турак жайларды жана чарбалык курулуштарды (ИК 3-10-05-0021-2086);
Жалал-Абад шаары, Курманбек көч., 8 дарегинде жайгашкан аянты 33198,0 чарчы метр жер тилкесин жана андагы турак эмес жайларды (ИК 3-10-01-0017-1896);
- Жалал-Абад облустук прокуратурасына - Жалал-Абад шаары, Нефтичилер көч., 3 дарегинде жайгашкан, аянты 19891,4 чарчы метр жер тилкесин жана андагы турак эмес жайларды (ИК 3-10-02-0024-1243).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жалал-Абад облустук прокуратурасы:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алышсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттер боюнча болуп жаткан сот талаштарына мындан ары катышууну камсыз кылышсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди күтүү боюнча чыгымдарды тиешелүү жылга карата бекитилген бюджеттин каражаттарынын чегинде каржылашсын;
- жыл сайын ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго маалымдашсын.
3. Бул буйруктун 1-пунктунун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, 2-пунктунун аткарылышын контролдоо уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-марты № 95-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2123-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтомун аткаруу жана мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
(6-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- Жалал-Абад облустук прокуратурасына - Жалал-Абад шаары, Нефтичилер көч., 3 дарегинде жайгашкан, аянты 19891,4 чарчы метр жер тилкесин жана андагы турак эмес жайларды (ИК 3-10-02-0024-1243).
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Жалал-Абад облустук прокуратурасы:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди оперативдүү башкарууга кабыл алышсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттер боюнча болуп жаткан сот талаштарына мындан ары катышууну камсыз кылышсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн обьекттерди күтүү боюнча чыгымдарды тиешелүү жылга карата бекитилген бюджеттин каражаттарынын чегинде каржылашсын;
- жыл сайын ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик менчиктин обьекттерин натыйжалуу пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго маалымдашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 627-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |