КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-марты № 106-б
Биргелешкен өндүрүштү козгоонун жол-жоболук тартибине жараша ЮНСИТРАЛ арбитраждык регламентные ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Гаага шаарындагы (Нидерланддар) Туруктуу арбитраждык сотко тиешелүү реквизиттерге ылайык "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджета жана 2014-2015-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардан "Соттун чечимдерин жана башка соттук жол-жоболорду аткаруу" 26630-беренеси боюнча кошумча депозитарий катары 25 000 (жыйырма беш миң) евро өлчөмүнде төлөм жүргүзсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |