Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-марты № 100-б
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-мартындагы № 69-бж буйругу менен брондон чыгарылган аштык буудайдан алынган 10 000 (он миң) килограмм көлөмдөгү 1-сорт буудай унду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн унду Кара-Суу шаарынан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылына жеткирүүнү уюштурсун.
3. Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы Барак айылында жашаган үй-бүлөлөрдүн санын аныктасын, унду алуучулардын тизмесин түзсүн жаңа унду акысыз негизде даректүү берүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде төмөнкүлөргө керектүү акча каражат бөлүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна - мамлекеттик резервдин запасын толуктоого;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине -унду белгиленген жерге жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды компенсациялоо үчүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |