Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 2-апрели № 112-б
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында өтүүчү "Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализация системдерин реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Лаврова Ольга Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын башчысы; |
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Адамкулова Самаргүл Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Келдибеков Ахматбек Келдибекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Нышанов Сайдулла Канболотович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жамгырчиева Гүлнара Оморовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Алиев Саматбек Тукешович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Нарбаев Каныбек Жайчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Токтошев Аскарбек Сулайманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен жабдууну жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Турдубеков Жумадил Сабырбекович | - | Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант ш. мэри (макулдашуу боюнча); |
Шаилдабеков Азатбек Кармабекович | - | Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Шеховцов Александр Трифонович | - | "Маркетинг-Сервис" ЖЧКсынын директору (макулдашуу боюнча); |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |