Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 9 октябры № 450-б буйругуна ылйык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 4-апрели № 113-б
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-пунктуна жана 24-беренесине ылайык, Жерүй алтын кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө үчүн инвестицияларды тартуу максатында:
1. Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |