Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-апрели № 117-б
Оогандык кыргыздардын саясий жана аскер ишмери Рахманкул-хан Жапаркул уулунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда бекитилсин:
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Сабиров М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Азыранкулов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кенжебаев А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акимдин милдетин аткаруучу; |
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Ш. | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү ЭЛТР" телерадио берүү компаниясынын директору; |
Орунбеков Б. | - | "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору; |
Осмонов М. | - | "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору; |
Слащева Т.М. | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору башкы редактору; |
Жаманкулова А.К. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Роза Кутлу | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
2. Уюштуруу комитети оогандык кыргыздардын саясий жана аскер ишмери Рахманкул-хан Жапаркул уулунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо планын иштеп чыксын, бекитсин жана өткөрсүн.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |