Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-апрели № 125-б
Эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүн мындан ары ийгиликтүү өткөрүү жана көргөзмөгө айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү боюнча айыл чарба техникаларын жана жабдууларын чыгаруучулардын катышуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында:
1. "Айыл-агро" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүн жыл сайын май айында өткөрүү максатка ылайык деп эсептелсин.
2. "Айыл-агро" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү 2013-жылдын 22-24-майында Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынын алдындагы аянтта (эски аянт) өткөрүлсүн.
3. Уюштуруу комитети "Айыл-агро" эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүн 2013-2017-жылдары уюштурууну жана өткөрүүнү техникалык уюштуруучу катары Россиянын "Росагромаш" айыл чарба техникасын чыгаруучулар ассоциациясынын, көргөзмө боюнча иштердин оператору катары "Союзагромаш" өнүктүрүү агенттиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун көмөгү менен ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынын алдындагы аянтка (эски аянт) 2013-жылдын 15-28-майында, андан кийин жыл сайын май айында көргөзмөгө келген көргөзмөлүк үлгүлөрдү бажылык тариздөө үчүн көргөзмө аянты статусун берүү маселесин иштеп чыксын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |