КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-апрели № 129-б
2013-жылы ЖККУда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгү алкагында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставдык органдарынын (ТИМК, КМК, КККК, ЖККУ ЖКК) жыйынын (мындан ары - ЖККУнун жыйыны) жана Кыргыз Республикасында башка иш-чараларды жана 2013-жылы Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин Саммитин (мындан ары - ШКУнун Саммити) өз убагында жана тиешелүү түрдө уюштуруу жана өткөрүү максатында:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасы, "№ 1 мамлекеттик резиденция" жана "№ 2 мамлекеттик резиденция" мамлекеттик мекемелери ЖККУнун жыйынын жана ШКУнун Саммитин уюштуруу жана өткөрүү үчүн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык "бир булактан сатып алуу" ыкмасын колдонсун.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |