Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 331-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-апрели № 138-б
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган, Кайназарова жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 4,15 га жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 313 токтомуна ылайык:
1. Мурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине берилген Кайназарова жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 4,15 га жер участогу жеке турак жай үйлөрүн куруу жана андан ары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Бишкек шаарынын мэриясына жеке турак жайды куруу үчүн жер участкаларына муктаж болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин тизмесин берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |