Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-апрели № 140-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк өзгөрүүлөрүнө жана кадрдык өзгөрүүлөрүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 413-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- преамбула "иш-чараларды" деген сөздөрдөн кийин "2012-2013-жылдарда" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Исаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Садыков И.А. | - | коомдук ишмер, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Турсунбеков Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Садыков К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Султанов К.И. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; |
Муратбеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Азыранкулов А.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Асанакунов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Оттукташов А.Ш. | - | Жеке ишкер, Ормон хандын тууганы (макулдашуу боюнча); |
Токтогазиев Ж.К. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Салымбеков А.М. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
- 2-пункту "юбилейлик иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин" деген сөздөрдөн кийин "жана юбилейлик иш-чараларды өткөрсүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюштуруу комитети бекиткен иш-чараларды ишке ашыруу тапшырылсын жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүшсүн.";
- 4-пунктунда "социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү" деген сөздөр "билим берүү, маданият жана спорт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |