Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-майы № 172-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, 2012-жылдын пахта түшүмүн ташып чыгарууда Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте 2012-жылдын пахта түшүмүн пахтаны кайра иштетүүчү ишканага кабыл алууну, жүктөөнү жана өткөрүүнү уюштурууда Барак эксклавынын тургундарына көмөк көрсөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынан пахтаны кайра иштетүүчү "Ак-текс" жана "Кыргызстан-2000" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишканаларына пахтаны ташып чыгарууну жана жүктү коштоп жеткирүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын аймагына автотранспорттук каражаттарды жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагына пахтанын жүгүн кайра тоскоолсуз өткөрүүнү уюштуруу маселелерин Өзбекстан Республикасынын тийиштүү кызматтары менен иштеп чыксын жана чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги пахтаны ташып чыгаруу жана арналган жерине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2013-жылдын республикалык бюджетинде каралган чекте зарыл акча каражаттарын бөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар жана агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |