Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-июлу № 275-б
Ысык-Көл облусунун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда 2013-жылдын 20-июнунда кол коюлган Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун участогун реконструкциялоо боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолун (Балыкчы-Барскоон бөлүгү) реабилитациялоо үчүн курулуш жумуштарын жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну бир булактан алуу ыкмасы менен, Макулдашууда белгиленген суммада ишке ашырсын.
Мында үчтөн кем эмес потенциалдуу подрядчылардын жана консультациялык компаниялардын коммерциялык сунуштарын изилдесин жана салыштырсын;
- ишке ашырылган сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |