Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-июлу № 282-б
1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн тез жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга оңдоолорду киргизүү жөнүндө Макулдашуу-каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |