Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-июлу № 284-б
1. "Япониянын Өкмөтүнүн Акысыз жардам программасынын (JDS) алкагында кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуучу ноталардын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган алмашуучу ноталардын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |