Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-июлу № 285-б
1. "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосунда алмашуу ноталарынын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган алмашуу ноталарынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |