Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-июлу № 295-б
Бишкек шаарында 2013-жылдын 18-19-июлунда болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кезектеги алтынчы отурумунун ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:
Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри - Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Асанов Сапарбек Жекшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Адамкулова Самаргүл Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Куйкеев Эрик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Кулуев Кожогелди Калакунович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Маралбаев Акылбек Өскөнбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу; |
Исабаева Зина Беккелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Ахмеджанова Айнура Токтомуратовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Шалпыков Бактыбек Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Жусупбеков Бакытбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси; |
Оролбаева Ирина Абдыевна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору; |
Адрешева Сонун Амановна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык секторунун башчысы; |
Ботоев Нургазы Атамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун улуттук эталондор башкармалыгынын начальниги; |
Камалов Марс Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин үчүнчү катчысы; |
Исаков Каныбек | - | Ош мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Такиров Урмат Канатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын адиси; |
Качкынбай кызы Жылдыз | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын жетектөөчү адиси - Комиссиянын жооптуу катчысы. |
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, республиканын ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдети аткаруучу |
Ж.К. Оторбаев |