Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-июлу № 298-б
2013/2014-жылдагы жылытуу мезгилине өз убагында даярдык көрүү, ошондой эле энергетика коопсуздугун камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Электрдик станциялар" ачык акционердик коомуна Казакстан Республикасындагы Шабыркүл кенинен Д маркасындагы (кадимки узак жалындуу) көмүрдү зарыл болгон көлөмдө бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууну жүргүзүүгө белгиленген тартипте уруксат берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |