Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-июлу № 304-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 156 "Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын;
- белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүү убагында шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо участкаларына шайлоо бюллетендерин ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларды, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүнө карата текшерүү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары:
- жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;
- жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жай бөлүп берүү, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |