Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-июлу № 306-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 456-б буйругунун редакциясына ылайык)
2005-жылдын 11-мартындагы Париж клубунун Протоколунун алкагында Кореянын Экспорттук-Импорттук банкына болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын кайра түзүмдөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-Импорттук банкынын (Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондун башкаруу боюнча Өкмөттүн агенти - ЕDCF) ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоолор жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |