Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-июлу № 309-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июнундагы № 129 «Ч.Ибраимова жөнүндө» Жарлыгына ылайык Ибраимова Чолпон Ибраимовна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулушуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 132 «И.П. Клименко жөнүндө» Жарлыгына ылайык Клименко Илья Петровичтин ушул кызматка дайындалышына байланыштуу:
Кызгыз Республикасынын Финансы министрилиги белгиленген тартипте иш жүзүндө сарпталган чыгымдар боюнча төмөнкүлөрдү төлөп берсин:
- Ч.И. Ибраимованын Москва шаарынан Бишкек шаарына чейинки жол киресинин наркын жана жүгү менен мүлкүн ташып жеткирүү боюнча чыгымдарын;
- И.П. Клиенконун Бишкека шаарынан Москва шаарына чейинки жол киресинин наркын жана жүгү менен мүлкүн ташып жеткирүү боюнча чыгымдарын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |