Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-июлу № 314-б
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган асабаны (мындан ары - асаба) талаптагыдай күтүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Асабаны мындан ары күтүү жана каржылоо менен байланышкан бардык маселелер белгиленген тартипте жөнгө салынганга чейин Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган асабаны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Республикалык инкассация башкармалыгы" мамлекеттик ишканасына (мындан ары - Мамлекеттик ишкана) тиешелүү аймагы менен 5 жылдык мөөнөткө берүү максатка ылайык деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду белгиленген тартипте асабаны кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте Асаба жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги акысыз негизде асабага тиешелүү аймакты убактылуу пайдаланууга Мамлекеттик ишканага өткөрүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги асабаны жана ага тиешелүү аймакты тейлөөгө байланыштуу электр энергиясын пайдалануу боюнча чыгымдарды каржылоонун булагын издештирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө асабанын техникалык экспертизасын жүргүзсүн жана корутундуну Мамлекеттик ишканага берсин.
7. Асабаны күтүү менен байланышкан мезгил аралыгында Мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сунушу жактырылсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |