Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-августу № 315-б
Ден соолукту коргоо жаатында жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу, Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген жана республиканын калкына шашылыш (кечиктирилгис) медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, катышуучулардын санына чек койбогон тоорук методу менен өткөрүлгөн мурдагы тендерлер болбой калды деп табылгандыгын эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- өткөн жылдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга мүчөлүк акылар боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун карызын жоюу эсебине түшкөн 84,0 (сексен төрт) миллион сом суммасындагы каражатты медициналык тез жардам автомашиналарын жана аларды жабдуу үчүн медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшасын;
- бааларга мониторинг жүргүзүү жана үчтөн кем эмес потенциалдуу жеткирип берүүчүнүн коммерциялык сунуштарын салыштыруу жолу менен бир булактан медициналык тез жардам автомашиналарын жана аларды жабдуу үчүн медициналык жабдыктарды сатып алсын;
- сатылып алынган, медициналык жабдуулар менен жабдылган медициналык тез жардам автомашиналарын Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына акысыз негизде өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте:
- медициналык тез жардам автомашиналарын толук жабдуу үчүн медициналык жабдуулардын тизмегин бекитсин;
- сатылып алынган медициналык жабдуулар менен жабдылган медициналык тез жардам автомашиналарын бөлүштүрүү планын бекитсин;
- ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн бөлүштүрүү планына ылайык Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда медициналык тез жардам автомашиналарын бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
3. Берилген маалымат, жүргүзүлгөн талдоо, жеткирип берүүчүнүн тандоо, мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жоопкерчилик сатып алуучу уюмга - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлсүн.
4. Сатылып алынган медициналык жабдуулар менен жабдылган медициналык тез жардам автомашиналарын сатып алуунун жыйынтыктары боюнча маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат катары жана отчеттуулук үчүн берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 84-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |