Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 2-августу № 318-б
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 321-беренесине жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын керектүү финансы-экономикалык каражаттар менен камсыздоо максатында:
1. Электр станциялары" ачык акционердик коомуна (мындан ары - Электр станциялары" ААК) филиалдарынын жайгашкан жери боюнча, иштелип чыгарылган электр энергиянын жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшүнө жараша, тиешелүү аймактарга берилген электр энергиясын сатуудан алынуучу салыктардын суммасын салык кызматынын аймактык органдарында эсептөөнү жүргүзүү жана төлөө сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "Электр станциялары" ААКнын филиалдарынын жайгашкан жери боюнча сатуу салыгынын тиешелүү суммасынын салык кызматынын аймактык органдарына келип түшүүсүнүн эсебин алсын жана контролдосун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |