КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 3-сентябры № 345-б
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында өзгөчө кырдаалдарды жоюуга жардам көрсөтүүдө эл аралык "Кырдаал-2013" окуусун (мындан ары - эл аралык окуу) өткөрүү жана уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун "Тамчы" жана "Чоктал" айыл аймактарынын аймагында 2013-жылдын 9-12-сентябрында эл аралык окууну уюштурсун жана өткөрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү - Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуунун башчысы эл аралык окууну даярдоого жана өткөрүүгө катышсын, ошондой эле окууну өткөрүү боюнча практикалык иш-чараларга тартылуучу Ысык-Көл облусунун Жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги зарыл болгон учурда эл аралык окуунун катышуучулары жана/же байкоочулары үчүн жөнөкөйлөтүлгөн тартипте виза берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде каржылоону жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эл аралык окуунун катышуучуларын жана/же байкоочуларын Жол кайгуул кызматы менен коштоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы эл аралык окуунун катышуучуларына жана/же байкоочуларына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөндө ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык эл аралык окуунун катышуучулары жана/же байкоочулары үчүн зарыл болгон жабдууларды, техникаларды жана товарларды (анын ичинде дары-дармектерди, тамак-ашты, сарптоочу материалдарды ж.б.) атайын бажылык режимге, бажы алымдарын, салыктарын жана бажылык тариздөө үчүн жыйымдарын төлөөдөн толук бошотуу менен жайгаштырсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |