Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-сентябры № 355-б
Жылуулук электр станциялары үчүн отунду өз убагында даярдоо, 2013/2014-жылдагы жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013/2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомунун 7-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Электр станциялар" ААК) 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы төмөндөгүдөй шарттарда берсин:
100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы төлөөнүн мөөнөтү болуп 2014-жылдын 1-августу белгиленсин;
ссуда - пайызсыз, күрөө камсыздоосун тариздөөсүз;
төлөм мөөнөтү өткөрүлүп жиберилгендиги үчүн мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө айып санкциясы белгиленсин;
- белгиленген тартипте аталган акционердик коом менен бюджеттик ссуданы кайтаруунун шарттары жөнүндө карыздык милдеттенмелер боюнча келишим түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдоо учурунда бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды эске алсын.
2. "Электр станциялар" ААКына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- бюджеттик ссуданы максаттык арналышы, боюнча - жылуулук электр станциялары үчүн отун даярдоого жумшоо;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык кайтарууну камсыз кылуу.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |