Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-сентябры № 358-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, жер көчкү жүрүүнүн жана радиациялык фондун жогорку деңгээлинин натыйжасында түзүлгөн Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагына караштуу Миң-Куш айылынын тургундарынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кыйын абалга байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2013-жылдын 10-сентябрына чейинки мөөнөттө Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн жер казуучу техниканы сатып алууга 2,5 млн. (эки миллион беш жүз миц) сом суммасында финансы каражатын бөлүп берсин;
- 2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган финансылык каражаттардын чегинде 17 (он жети) турак үйден чогултулган курулуш жана радиоактивдүү элементтери. бар башка материалдарды дезактивдештирүү, утилдештирүү жана көмүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн берилген эсептерге ылайык көлөмдө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин каржылоону ишке ашырсын;
- Миц-Куш айыл аймагынын Мин-Куш айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 23 (жыйырма үч) үй-бүлөгө жана радиациянын таасиринен жабыркаган 124 (бир жүз жыйырма терт) үй-бүлөгө "Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу" беренеси боюнча 2013-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардан турак үйлөрдү курууга жана сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик ипотекалык тастыктамаларды чыгарууну ишке ашырсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура,
- курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген тизменин негизинде Миң-Куш айыл аймагынын Миц-Куш айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 23 (жыйырма үч) үй-бүлөгө жана радиациянын таасиринен жабыркаган 124 (бир жүз жыйырма терт) үй-бүлөгө турак үйлөрдү курууга жана сатып алууга жеңилдетилген ссуда алуу үчүн мамлекеттик ипотекалык тастыктамаларды берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин 2014-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине болжолдуу сметалык наркы 14,0 млн. (он терт миллион) сомду түзгөн Миң-Куш айыл аймагынын Миң-Куш айылындагы ичүүчү суу мёнен камсыздоо тутумун калыбына келтирүү боюнча иштерди киргизүү жөыүндө сунуш берсин.
3. 2013-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тиешелүү райондук кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- Миң-Куш айыл аймагындагы Миң-Куш айылынын көчүрүлө турган тургундары үчүн райондун аймагында жайгашкан жерлерден жер участокторун бөлүп берсин;
- жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- курулуш участокторун электр энергиясы, жол, ичүүчү суу жана зарылчылыкка жараша - убактылуу жашоочу жай менен камсыздоодо, ошондой эле көчүрүү жана жайгаштырууга байланышкан башка маселелерди чечүүдө көчүрүлүүчү тургундарга көмөк көрсөтсүн;
- жабыр тарткандарды жана муктаж болгондорду турак үй үчүн жарактуу жайлар менен камсыз кылсын, ошондой эле Миң-Куш айылындагы Узакбек кечөсү №2/6 дарегиндеги турак үйдөн радиация бөлүп чыгаруучу таарды жана брезентти алып чыгуу, утилдештирүү жана көмүү иштерин жүргүзсүн;
- дезактивдештирүүгө, утилдештирүүгө жана бузууга туура келген үйлөрдү, курулуштарды бошотууну камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турак үйлөрдү бузуу жана 17 (он жети) көп батирлүү турак үйдөгү радиациялык элементтери бар материалдарды дезактивдештирүү иштерин жүргүзүү үчүн жумшалуучу чыгымдар боюнча эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин жана бөлүнгөн каражаттардын эсебинен тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |