Редакцияот 06.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 6-сентябры № 360-б

Боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын 2013-жылы Бишкек шаарында өткөрүлүшүнө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 19-главасына, 217 жана 239-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүүнүн алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин делегациялары жана аларды коштоп жүргөн адамдар алып кирген товарларды, жабдууларды жана техникаларды бажылык тариздөөнү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, "убактылуу алып келүү" бажы режиминде, бажы төлөмдөрүнөн, салыктарынан жана жыйымдарынан толук бошотуу шарты менен жүргүзсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев