Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 9-сентябры № 368-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, "Манас" эпосун мындан ары жайылтуу, спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү, калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу максатында:
1. Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча "Манас оюндары" спорттук оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча "Манас оюндары" спорттук оюндарын (мындан ары - "Манас оюндары" спорттук оюндары) өткөрүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- "Манас оюндары" спорттук оюндарын Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-20-октябрында өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка аткаруучу органдары "Манас оюндары" спорттук оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле "Манас оюндары" спорттук оюндарына облустардын курама командаларынын катышуусун камсыз кылышсын.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук-методикалык, маалыматтык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жүктөлөөрү белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Манас оюндары" спорттук оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2013-жылга каралган бюджеттик каражаттардын чегинде өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
6. Жалпыга маалымдоо каражаттарына "Манас оюндары" спорттук оюндарын өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдыруу сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-октябрындагы № 591-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 368-б буйругуна тиркеме |
Талиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Саралинов М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Сагинбаева Д.З. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Суранчиев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри; |
Мырзакматов М.Ж. | - | Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Кулматов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Муратбеков К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Курманалиева К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Э.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жээнбеков С.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Разаков Ж.П. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Төрөмаматов Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Турганова З.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Оторбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Садыков И.А. | - | тарыхый инсан - чоң манап Ныязбек уулу Ормон хандын туулган күнүнүн 220 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды 2012-2013-жылдары даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шалпыков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Касенов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Кыргыз Республикасында Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча республикалык борбордун директору. |