Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-сентябры № 381-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 20-сентябрында болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин кезектеги жыйындарына, ошондой эле 2013-жылдын 17-18-сентябрында болуучу ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Клименко Илья Петрович - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Усупов Үсөн Макаевич* - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү;
Сыдыкова Гүлмира Ракыевна** - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
Чуйков Николай Алексеевич* - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Мүлкүбатова Чолпон Токтобаевна – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин биринчи катчысы.
2. КМШнын Экономикалык кецешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Клименко Илья Петровичке КМШнын Экономикалык кецешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСтеги туруктуу өкүлү Усупов Үсен Макаевичке ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилоо жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомунда белгиленген нормаларга ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*) - ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына катышууну эске алуу менен, 2013-жылдын 16-20-сентябрында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет;
(**) - КМШга катышуучу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Макулдашуучу кеңешмеге катышуусун эске алуу менен, 2013-жылдын 18-20-сентябрында Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |