КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-сентябры № 388-б
Телекоммуникация тармагында кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун уюштуруучуларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигин аталган Институттун уюштуруучуларынын курамына киргизүү тууралуу сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги аталган Институттун уюштуруучуларынын курамына кирүүсү жана телекоммуникациялар тармагында кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүү менен байланышкан зарыл чараларды көрсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |