Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-октябры № 414-б
Жылуулук электр станциялары үчүн отунду өз убагында даярдоо, 2013/2014-жылдардагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Электр станциялар" ААК) 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы берсин;
- "Электр станциялар" ААКы менен бюджеттик ссуданы кайтаруу боюнча карыз милдеттенмесин төмөндөгүдөй шарттарда түзсүн:
100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - 2014-жылдын 1-ноябрына белгиленсин;
ссуда - пайызсыз, күрөө камсыздоосун тариздөөсүз;
төлөм мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилгендиги үчүн мөөнөтү өткөн бересе суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө айып санкциясы белгиленсин.
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзам долбоорун даярдоо учурунда бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды караштырсын.
2. "Электр станциялар" ААКна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- бюджеттик ссуданы максаттык арналышы боюнча - жылуулук электр станциялары үчүн отун даярдоого жумшоо;
- ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык жогоруда аталган бюджеттик ссуданы кайтарууну камсыздоо.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |