Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-октябры № 417-б
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясынын 2013-жылдын 22-23-октябрында Варшава шаарында (Польша Республикасы) өтүүчү кезектеги үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 417-б буйругуна тиркеме |
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Сариев Темир Аргембаевич | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Иманалиева Лидия Адамкалыевна | - | Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы, Венгрия Республикасындагы, Словак Республикасындагы, Польша Республикасындагы жана Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Исаков Эсенгул Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Сүйүмбаева Паиза Үсөнбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Чаргынов Касым Самсонович | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Назарбеков Марат Рысбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Чынгожоев Абдымитал Тургуналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Султанов Шеркул Жорупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Сатымбаев Абдибек Сатымбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары; |
Кадыркулов Мукай Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Пирназаров Марат Түгөлбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Ибраев Нурдин Турсуналыевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Осмоналиев Самир Кушайынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Исраилов Азысбек Асымканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Жамшитова Айпери Жаңыбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Жумабеков Жоомарт Кожомуратович | - | "Айылдык кеңеш кызматы" коомдук фондунун директору, айыл чарба боюнча эксперт (макулдашуу боюнча); |
Есенбаева Замира Койчукеевна | - | "Айылдык кеңеш кызматы" коомдук фондунун башкармалыгынын мүчөсү, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча эксперт (макулдашуу боюнча); |
Качкынбай кызы Жылдыз | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын интеграциялык бирикмелер секторунун жетектөөчү адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы. |