Редакцияот 05.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 5-ноябры № 436-б

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун терагасынын орун басары Асанов Уланбек Жалалович, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тышкы байланыштар, эл менен жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө башкармасынын начальниги Мукамбетов Жецишбек Уркалыевич жарандар А.А.Артыковдун, Т.Б.Балтабаевдин, И.И.Исаковдун, Х.З.Коркмазовдун, Т.Б.Мамытовдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобонун 12-пунктун конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин экинчи белүгүнө, 16-беренесинин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө, 20-беренесинин экинчи бөлүгүнө, 42-беренесинин биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүнө каршы келет деп таануу жөнүндө кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйындарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун терагасынын орун басары Асанов Уланбек Жалаловичке, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тышкы байланыштар, эл менен жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө башкармасынын начальниги Мукамбетов Жеңишбек Уркалыевичке жогоруда айтылган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйындарында Kыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламынын атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев