Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-октябрындагы № 466-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-ноябры № 437-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 100-б буйругунун редакциясына ылайык)
Уран калдык сактагычтарынын проблемаларын чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду Кыргыз Республикасында даярдоо жана ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ), бул багыттар боюнча башка донорлор жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу максатында:
1. Төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик жөнгө салуучу орган болуп аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары (кызматы боюнча) МАГАТЭ менен техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 100-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Уран калдык сактагычтарынын проблемаларын чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашырууну координациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоону жана ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 100-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- МАГАТЭнин техникалык кызматташтык программасына катышуу үчүн (2016-2017-жылдарда) программанын бардык наркынын 5% өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын төлөөчү үлүшү үчүн акча каражаттарын издеп тапсын;
- "2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2017-2018 жылдардагы болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 100-б буйругунун редакциясына ылайык)
4-1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйрукту ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 100-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-мартындагы N 109-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы N 266-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
1-тиркеме
Уран калдык сактагычтарынын көйгөйлөрүн чечүүгө жана радиациялык коопсуздукту
камсыздоого байланышкан программаларды жана долбоорлорду даярдоону жана ишке
ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 100-б буйругунун редакциясына ылайык)
Джунушалиев Т.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, МАГАТЭ менен техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Темиралиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Доталиев У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Горин О.В. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Утурова Д.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Сейтказиева А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиктин директорунун орун басары; |
Алымкулов С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Джээнбаев Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биология-кыртыш институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Исаков М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын радиациялык жана ядролук коопсуздук башкармалыгынын начальниги; |
Тилебалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы; |
Камалов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Байзаков С.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн экспертиза секторунун башкы эксперти; |
Сатылканова А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Бейшеналиев Р.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы ишин уюштуруу башкармалыгынын бажы контролу бөлүмүнүн начальниги; |
Малухин И.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясынын начальнигинин орун басары - башкы геолог. |