Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-ноябры № 439-б
Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Тиркелген: Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар иш-чараларды толук көлөмдө аткарууну камсыз кылышсын жана квартал сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарым жылда бир жолу Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Иш-чаралар планынын пункттарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 439-б буйругу менен бекитилген |
К. № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Ишке ашыруу формасы | Аткаруучулар | Күтүлгөн натыйжалар | Каржылоо көлөмү |
1 | Жаштарды адеп-ахлактык тарбиялоо, мекенчилдикке тарбиялоонун бирдиктүү тутумун түзүү боюнча чараларды ишке ашыруу | Дайыма | Мектептерде "Мекен таануу" сабагын киргизүү. "Мекенчилдикти тарбиялоо" темасындагы радио-, телеберүүлөрдү уюштуруу. Кыргыз Республикасынын "Жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө" Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | БИМ, ЭМЖМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР (макулдашуу боюнча) | Окуучулардын жарандык милдет, мекенчилдик тарбия жөнүндө билим алуусу, "Мекенчилдикти тарбиялоо" темасындагы радио-, телеберүүлөрдүн цикли, даректүү фильмдерди көрсөтүү. Кыргыз Республикасынын "Жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө" Мыйзамын кабыл алуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
1.1 | Билим берүүчү мекемелерде жаш муундарды тарбиялоонун бирдиктүү тутумун киргизүү | 2014-жылдын I кварталы | "Мектептик тарбия" концепциясын иштеп чыгуу | БИМ | Билим берүүчү мекемелерде жаш муундарды тарбиялоонун бирдиктүү тутуму киргизилди | Бюджеттик каражаттын чегинде |
2 | Жашы жете электердин түнкү убакытта (22.00дөн таңкы 6.00гө чейин) чоң адамдардын коштоосуз көңүл ачуучу жайларда -интернет-клубдарда, скверлерде, базарларда жүрүшүн чектөө боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2014-жылдын январы | Жашы жете электердин түнкү убакытта (22.00дөн таңкы 6.00гө чейин) чоң адамдардын коштоосуз көңүл ачуучу жайларда - интернет-клубдарда, скверлерде, базарларда жүрүшүн чектөөнү караштырган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | СӨМ БИМ менен бирдикте, ИИМ, ЖМА, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жашы жете электердин түнкү убакытта (22.00дөн таңкы 6.00гө чейин) чоң адамдардын коштоосуз көңүл ачуучу жайларда -интернет-клубдарда, скверлерде, базарларда жүрүшүн чектөөнү караштырган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, жашы жете электер чоңдордун коштоосуз жүргөнү үчүн көңүл ачуучу жайлардын, интернет-клубдардын ээлерине санкцияларды колдонуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
3 | Педагогдор, ата-энелер, камкорчулар, курдаштар тарабынан зомбулукка жана катаал мамилеге кабылган балдарга психологиялык тез жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча чараларды керүү | Дайыма | Бирдей үч орундуу номерден турган "Ишеним телефонун" түзүү боюнча сунуш киргизүү | КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), СӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, Байланыш агенттиги | Бирдей үч орундуу номерден турган "Ишеним телефону" уюштурулду | Бюджеттик каражаттын чегинде |
4 | Жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу жана профилактикалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги багыттарын аныктоо | 2014-жылдын 1-апрелине чейин | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын тиешелүү долбоорун иштеп чыгуу | БИМ, ЭМЖМ, СӨМ, ССМ, ИИМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Билим берүүчү мекемелерде жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу жана профилактикалоо боюнча программаны бекитүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
5 | Ар бир мектепке ИИО кызматкерлери -опер кызматкерлер бекитип берилишин камсыздоо | 2014-жылдын январы | Практикалык иштер | ИИМ БИМ менен бирдикте, Этностор агенттиги | Мектептерде криминогендүү абалды мониторингдөө жана талдоо, жашы жете электер арасындагы мыйзамга каршы ишке тартылган туруктуу топторду жана алардын башчыларын аныктоо | Бюджеттик каражаттын чегинде |
6 | Жашы жете электер арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында мугалимдердин, ЖИИнин, МУИнин, ата-энелер комитетинин өкүлдөрүнүн, ЖМКнын катышуусу менен ай сайын коомдук жайларда рейддерди өткөрүү | Ай сайын | Рейддерди жүргүзүү | ИИМ, СӨМ, БИМ, ССМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Рейддердин жыйынтыгы боюнча абалды аныктоо, мектептердин иштерин тууралоо, атайын чогулуштарды өткөрүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
7 | Мыйзам бузган жашы жете электерди мониторингдөө жана эсепке алуу тутумун иштеп чыгуу | 2014-жылдын январы | Мыйзам бузган жашы жете электердин бирдиктүү маалымат базасын түзүү | Этностор агенттиги, ИИМ, СӨМ, БИМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мыйзам бузган жашы жете электердин бирдиктүү эсеби | Бюджеттик каражаттын чегинде |
8 | Телекөрсөтүүдө жана жарнак такталарда тамекинин жана спирт ичимдиктердин жарнамасын азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2014-жылдын январы жана андан ары дайыма | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ССМ ММТМ менен бирдикте, БИМ, ЭМЖМ, ИИМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМК (макулдашуу боюнча) | Телекөрсөтүүдө жана жарнак такталарда тамекинин жана спирт ичимдиктердин жарнамасын азайтуу. ЖМКда тамекинин, баңгиликтин, алкоголизмдин ж.б. зыяндуулугу жөнүндө видео роликтерди көбөйтүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
9 | Окуучуларга "Мыйзам", "Адеп", "Сергек жашоо турмушту үгүттөө" деген темаларда түшүнүк берүүчү лекциялык программаны иштеп чыгуу | 2014-жылдын февралы | БИМ окуучулар менен түшүнүк берүүчү лекциялык программаны бекитет | БИМ, ЮМ, ССМ | Окуучулардын билим алуусу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
10 | Класс жетекчилер жашы жете электердин ата-энелери менен жүрүш-туруш, көп сандагы акча бербөө маселеси боюнча алдын алуучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү | Дайыма | Практикалык иштер | БИМ, мектеп мекемелеринин жетекчилери, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жалпы билим берүүчү уюмдарда окуучулардын ата-энелеринде балдарга көп акча берүүгө кандай карашаарын аныктоо | Бюджеттик каражаттын чегинде |
11 | Бишкек жана Ош шаарларында мектепке тиешелүү аймактарды изилдөө | Квартал сайын | Практикалык иштер | Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) СӨМ, БИМ, ИИМ | Жашы жете электердин коомго жат жүрүм-турумуна таасир тийгизген тескери факторлор тууралуу абалды билүү. Башка аймакта окуган окуучулар боюнча маалыматтарды талдоо | Бюджеттик каражаттын чегинде |
12 | Мектептерде опурталдуу топтордогу өспүрүмдөрдүн жеке эсебинин картотекасын түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2014-жылдын 1-февралына чейин жана андан ары дайыма | Практикалык иштер | БИМ, ИИМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), мектептердин жетекчилери менен бирдикте | Мектептерде опурталдуу топтордогу өспүрүмдөрдүн жеке эсебинин картотекасын жүргүзүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
13 | Турмуштук оор кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо | Ай сайын | Практикалык иштер | СӨМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО, (макулдашуу боюнча), мектеп мекемелеринин жетекчилери | Турмуштук оор кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык жана психологиялык жардам берүү. Жашы жете электерди кылмышка жана коомго жат иштерди жасоого тарткан фактылардын алдын алуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
14 | Мектеп жетекчилигинин көрсөтүүсү боюнча ата-энелер комитети менен биргеликте, ата-энелердин же камкорчулардын макулдугу менен мектеп окуучуларынын арасында алкоголь, баңгизаттарды, токсиндүү жана башка заттарды колдонууга ыктаган балдарды аныктоо | Дайыма | Ата-энелер комитети тарабынан тажрыйбалуу психологдордон, наркологдордон, мектеп врачтарынан турган медициналык кызматкерлерди тартуу менен уюштурулган жашыруун анкеталоо, жеке сүйлөшүү, тренинг, психологиялык тестирлөө ж.б. | БИМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ССМ мектеп мекемелеринин жетекчилери менен бирдикте | Алкоголь ичүүгө, баңгизаттарды, токсиндүү заттарды колдонууга, тамеки тартууга ыктаган окуучуларды аныктоо, аларды мектептеги каттоого алуу. Аларга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
15 | Тамеки тартуу, спирт ичимдиктерди ичүү, баңгизаттарды ж.у.с. колдонуу жашы жете электердин ден соолугуна зыяндуу экенин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу | Дайыма | Пресс- конференцияларды өткөрүү, берүүлөрдү уюштуруу, басма сөзгө, Интернетке материалдарды жарыялоо | ССМ, БИМ, ИИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР | Жалпыга маалымдоо каражаттарында тамеки тартуу, спирт ичимдиктерди ичүү, баңгизаттарды ж.у.с. колдонуу жашы жете электердин ден соолугуна зыян тийгизгенине байланыштуу темаларды чагылдыруу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
16 | Баштапкы алдын-алуу иштеринин алкагында жалпы билим берүүчү уюмдардын жаштар лидерлерин, педагогдорду, психологдорду, социалдык кызматкерлерди, ЖИИнин инспекторлорун, ҮМБнын медициналык кызматкерлерин, ӨЭУнун жаштар менен иштеген кызматкерлерин Республикалык наркология борборунун базасында окутуу | 2014-жылдын I, II кварталдары | Окутуу семинарларынын жана тренингдердин циклин өткөрүү | ССМ, БИМ, ИИМ, ЭМЖМ, СӨМ, ӨЭУ (макулдашуу боюнча) | Жалпы билим берүүчү уюмдардын жаштар лидерлеринин; педагогдордун; психологдордун; социалдык кызматкерлердин; ЖИИнин инспекторлорунун; ҮМБнын медициналык кызматкерлеринин; ӨЭУнун жаштар менен иштеген кызматкерлеринин мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча көндүмдөрүн жогорулатуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
17 | Жалпы билим берүүчү уюмдарда бирдиктүү балдар-өспүрүмдөр уюмдарын түзүү жөнүндө маселелерди изилдөө | 2014-жылдын I кварталы | Практикалык иштер | БИМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЭМЖМ | Бирдиктүү балдар-өспүрүмдөр уюмдарын түзүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
18 | Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептерге видео байкоо жүргүзүү жана белгилөө тутумдарын (онлайн режиминде) орнотуу | 2014-2015- жылдары | Видео байкоо жүргүзүү жана белгилөө тутумдарын орнотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү | БИМ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Финмин, эл-аралык уюмдар, (макулдашуу боюнча), бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча) ж.б. демөөрчүлөр (макулдашуу боюнча) | Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептерге пилоттук долбоор катары видео байкоо жүргүзүү жана белгилөө тутумдарын орнотуу | Бюджеттик каражаттын жана демөөрчүлүк жардамдын чегинде |
19 | 18 жашка чыга элек балдарга тамеки жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча талапты аткарбаган соода түйүндөрүн аныктоо | Дайыма | Рейддерди жүргүзүү | ИИМ, МСК, ЖМК (макулдашуу боюнча) | 18 жашка чыга элек балдарга тамеки жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу боюнча талаптарды аткарбаган жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган санкцияларды колдонуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
20 | Жашы жете электердин физикалык жана психикалык ден-соолугуна энергетикалык ичимдиктердин тийгизген таасирин аныктоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү | 2014-жылдын I кварталы | Физикалык жана психикалык ден- соолукка энергетикалык ичимдиктердин тийгизген таасири жөнүндө маалыматтарды берүү | ССМ | Энергетикалык ичимдиктерди ташып келүүгө жана даярдоого тыюу салуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
21 | Жашы жете электердин арасындагы мыйзам бузуулардын себептерин аныктоо | 2014-жылдын I кварталы | Жашы жете электердин арасындагы мыйзам бузуулардын абалы жана себептери жөнүндө социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү | СӨМ кызыктар ӨЭУлар жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) менен биргеликте, БИМ | Жашы жете электердин арасындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын долбоорунда чагылдыруу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
22 | Мектептерде спорттук оюн-зоок иш-чараларынын санын көбөйтүү, ар түрдүү ийримдерди (жашы жете электердин трендерине жараша) ачуу | 2014-жылдын I кварталы | Мектептерде спорттук оюн-зоок иш-чараларын өткөрүү, ар түрдүү ийримдерди ачуу | БИМ, спорт агенттиги, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ийримдерге, спорттук оюн-зоок иш-чараларына катышкан окуучулардын санын көбөйтүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
23 | Республиканын белгилүү ишмерлери, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, илимий кызматкерлер, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен жогорку класстын окуучуларынын формалдык эмес жолугушууларын өткөрүү | Ай сайын | Практикалык иштер | БИМ кызыктар мамлекеттик органдар жана макулдашуу боюнча белгилүү ишмерлер менен биргеликте | Өсүп келе жаткан муундун мекенчилдик, милдеттик сезимин ойготуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
24 | Жашы жете электер үчүн эркинен ажыратуучу жана камакка алуучу жайларга тааныштыруу максатында алып барууларды уюштуруу | Өзүнчө график боюнча | Өзүнчө график боюнча тааныштыруу максатында алып баруу | БИМ ЖАМК, ЖИИ, ИИМ менен биргеликте | Эркинен ажыратуучу жана камакка алуучу жайларда кармоонун шарттары жөнүндө жашы жете электердин маалымат алуулары | Бюджеттик каражаттын чегинде |
25 | Мектеп программасында каралбаган ар кандай окуу куралдарынын мектеп мекемелеринде жайылтылышына баа берүү жана контролдоо тутумун иштеп чыгуу | 2014-жылдын 1-февралына чейин | Тастыктамаланган иш. БИМден каттоодон өтпөгөн жана анын корутундусу жок мектептерде басма продукцияларын жайылтууга тыюу салуу жана мектептердин жетекчилеринин жоопкерчилиги жөнүндө сунуштарды киргизүү | БИМ | Мектеп программасында каралбаган ар кандай окуу куралдарынын мектеп мекемелеринде жайылтылышына контроль жүргүзүү механизмин түзүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
26 | ЖМКнын, ӨЭУнун, балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча иш алып барышкан укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен байланыш чөйрөсүн түзүү | Квартал сайын | Жумушчу жолугушууларды уюштуруу | CӨM, БИМ, ИИМ, ММТМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) ЖМКнын (макулдашуу боюнча), ӨЭУнун (макулдашуу боюнча), балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча иш алып барышкан укук коргоо уюмдарынын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү менен биргеликте | Абалды жакшыртуу боюнча аракеттүү чараларды иштеп чыгуу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
27 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы жөнүндө жобонун ЖИИни аларга тиешелүү эмес функцияларды (митингдерди, расмий делегацияларды кайтаруу ж.б.) аткарууга тартууга тыюу салуу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо | 2013-жылдын аягына чейин | ЖИИнин функцияларын натыйжалуу аткаруу боюнча сунуштарды киргизүү | ИИМ | ЖИИнин аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруусу | Бюджеттик каражаттын чегинде |
28 | Мектеп мекемелериндеги камкорчулук кеңештердин ролун күчөтүү үчүн шарттарды түзүү | 2014-жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | БИМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мектеп мекемелериндеги камкорчулук кеңештердин акча каражаттарын бөлүштүрүүдө өз алдынчалыгы | Бюджеттик каражаттын чегинде |
29 | Балдарды тарбиялоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилигине талаптарды күчөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | Дайыма | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | СӨМ, ИИМ | Балдарды тарбиялоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилигине талаптарды күчөтүү | Бюджеттик каражаттын чегинде |
30 | Мыйзамда белгиленген учурларда (өзгөчө кырдаалдарда, издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, дайынсыз жоголгон адамдарды издөөдө ж.б.) "жалган'' чакыруу үчүн жоопкерчиликти аныктоону эске алуу менен абоненттердин турган жерин аныктоо үчүн "айгай салуу" тутумун түзүү жана радиолокацияны пайдалануу жөнүндө маселени иштеп чыгуу | 2014-жылдын февралы | Көчмө уюлдук байланыш операторлору менен "айгай салуу" тутумун түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени изилдөө жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, андан ары тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү | Байланыш агенттиги, БИМ, ИИМ, ӨКМ, Байланыш операторлору ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | Бул тутум мобилдүү телефондун каалаган баскычын басуу менен жакын жердеги ички иштер бөлүмүнө шашылыш чакыруу жиберүүнү камсыз кылуусу тийиш | Бюджеттик каражаттын чегинде |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
MCK | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
МБА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
КРӨ облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ӨЭУ | - | Өкмөттүк эмес уюмдар |
ЖМК | - | Жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЖИИ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясы |
МУИ | - | Милициянын участкалык инспектору |
ҮМБ | - | Үй-бүлөлүк медицина борбору |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭЛТР | - | Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү ЭЛТР" телерадиоберүү компаниясы |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ

Кыскартуулардын тизмеси: