Редакцияот 12.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 12-ноябры № 450-б

Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтык боюнча кеңештин 2013-жылдын 21-ноябрында Бельгия Королдугунун Брюссель таарында өтө турган он экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөндөгү курамда түзүлсүн:

Абдылдаев Эрлан Бекешович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, делегация башчысы;

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Европа биримдиги менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук координатору, делегация башчысынын орун басары;

Журабаева Гүлнар Курашбековна

-

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Султанбаев Темирбек Жакшылыкович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директору;

Исаев Асеин Кусеинович

-

Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Брюссель шаарына баруусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

            Кыргыз Республикасынын Биринчи

            вице-премьер-министри, Премьер-

            министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ж.Оторбаев