КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 12-ноябры № 451-б
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Лаврова О.В. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Байгөнчөков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Келдибеков А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Нышанов С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сулейманов Б.И. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Керималиев Ж.К. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Мукамбетов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Байходжоев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директорунун орун басары. |
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер- министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.Оторбаев |